Столтенберг Түркия, АКШ жана Британияга ырахмат айтты

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери видеоконференция аркылуу Ооганстан күн тартиби боюнча кезексиз жыйын өткөрүштү.

1694740
Столтенберг Түркия, АКШ жана Британияга ырахмат айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Мен өзгөчө Түркияга, Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жана Британияга Кабулдагы аэропорттун коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү ролу үчүн ыраазычылык билдирем»,- деди.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери видеоконференция аркылуу Ооганстан күн тартиби боюнча кезексиз жыйын өткөрүштү.

Жыйындан кийин билдирүү жасаган Столтенберг: «Террордук уюмдардын кайрадан аймакка уя салуусуна жол бербейбиз. Эвакуациялоо үчүн 24 саат бою үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Өзгөчө Түркияга, АКШга жана Британияга Кабулдагы аэропорттун коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү ролу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз ошондой эле Азербайжанга да аэропорттордун коопсуздугуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазыбыз», деп айтты.

Бардык союздаштардын жалпы көз карашынын талибдердин убадасына турушу экенин белгилеген Столтенберг: «НАТО катары жаңы жетекчилик менен дипломатиялык байланыштарды Талибандын мамилесине жараша курабыз. Анын убадасын аткарып же аткарбашына байланыштуу», - деди.



Тектеш кабарлар