АКШнын аскердик жүк ташуучу учагынын конуу шаймандарында адамдын денесинин бөлүкчөлөрү табылды

АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн өкүлдөрү Кабулдан кетүүнү каалаган оогандар учууга даярданып жаткан С-17 аскердик жүк ташуучу учагынын канаттарына чыгып кетишинен кийинки башаламандыкта карапайым адамдардын курмандыктары иликтенип жатканын билдиришти.

1693401
АКШнын аскердик жүк ташуучу учагынын конуу шаймандарында адамдын денесинин бөлүкчөлөрү табылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аскердик аба күчтөрү Ооганстандын баш калаасы Кабулдан эвакуация үчүн учуп кеткен аскердик жүк ташуучу учактын конуучу шаймандарында адамдын денесинин бөлүктөрү бар экенин ырастады.

АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн өкүлдөрү Кабулдан кетүүнү каалаган оогандар учууга даярданып жаткан С-17 аскердик жүк ташуучу учагынын канаттарына чыгып кетишинен кийинки башаламандыкта карапайым адамдардын курмандыктары иликтенип жатканын билдиришти.

Канча адам өлгөндүгү тууралуу маалымат бербеген жооптуу кызматкерлер, жүк учагынын конуучу аппаратында адамдын денесинин бөлүктөрү табылганын ырасташты.

Талибан өлкөнү көзөмөлгө алгандан кийин, Кабулдагы «Хамид Карзай» атындагы эл аралык аэропортко барган жана эвакуацияланышын каалаган оогандыктардын кадрлары учуу -конуу тилкесинде бараткан америкалык аскердик жүк учагына чыгууга аракет кылышкан.

2021 -жылдын 15 -августу, жекшемби күнү борбор шаар Кабулду курчап алган, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин жана өкмөттүк күчтөр борбордон чыгып кеткенден кийин, талибдер шаарды чыр -чатаксыз көзөмөлгө алышкан.



Тектеш кабарлар