Тунистин президенти айрым мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алды

Мамлекетке таандык Ер  -  Рияд бюллетенинде президент Саиддин жекшембиден бери мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алууга байланыштуу жаңы чечимдерине орун берилди.

1681487
Тунистин президенти айрым мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алды

Тунистин президенти Кайс Саид айрым жогорку мартабалуу мамлекеттик жетекчилерди кызматтан алды.

Мамлекетке таандык Ер  -  Рияд бюллетенинде президент Саиддин жекшембиден бери мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алууга байланыштуу жаңы чечимдерине орун берилди. Чечимдердин негизинде премьер  - министрлик кеңешинин директору Ел  -  Муиз Лединиаллах ел  -  Мукаддем, өкмөттүн башкы секретары Велид ез  -  Зехеби, премьер  - министрдин кеңешчилери Решад бин Рамадан, Шешим ет  -  Тейсеви менен Мүфид ел  -  Меседи, Төңкөрүш жана террордук операциялардагы шейттер жана ардагерлер делегациясынын төрагасы Абдуреззак ел  -  Кейлани кызматынан алынды. Мындан тышкары премьер  - министрдин 8 кеңешчиси менен ошол эле кеңеште иштеген 8 кызматкер да кызматтан алынды.

Тунистин президенти Саид 26 -  июлда премьер  - министр, коргоо жана адилеттик министрлерин кызматтан алуу  тууралуу чечимин жарыялаган. Тунистин премьер  - министри Хишам ел  -  Мешиши чыгарылган чечимден кийин берген билдирүүсүндө президенттин жаңы бир премьер  - министр дайыдоосу менен элдин коопсуздугу жана  укугун ойлогондуктан кызматынан кетерин белгилеген.

Тунисте 25 -  июлда өкмөт жана оппозициячыл партияларга карата жүздөгөн кишинин катышуусу менен митингдер өткөрүлүп, чыккан окуяларда Нахда кыймылы жана башка партиялардын борборлоруна кол салуулар болгон.

Президент Саид да парламенттин бардык жоопкерчиликтеринин тоңдурулгандыгын, депутаттардын кол тийбестигинин алынгандыгын жана учурдагы премьер  - министр ел   -  Мешишини кызматынан алыстатылгандыгын, өзү дайындай турган бир премьер  - министр менен аткаруу бийлигин өткөрүп аларын жарыялаган.

Өкмөткө карата бул төңкөрүш кыймылынан кийин аскерлер, Тунис парламентинин спикери жана Нахда кыймылынын лидери Рашид  ел   Ганнуши менен коштоосундагы депутаттарды парламентке киргизген эмес.



Тектеш кабарлар