Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын байланыш каналдары бир жылдан кийин ачылды

Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги да Түштүк Кореядан берилген расмий билдирүүнү ырастады.

1680824
Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын байланыш каналдары бир жылдан кийин ачылды

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда акыркы жылдарда жабык болгон байланыш каналдарынын кайрадан ачылгандыгы жарыяланды.

Түштүк Кореянын президенттик кеңсесинен берилген маалыматта Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Индин  ортосунда жабылган байланыш каналдарын кайрадан ачуу үчүн апрель айынан бери келе жаткан жазышуулардын оң жыйынтык бергендиги билдирилди.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы расмий байланыш линияларынын активдүү абалга келтирилгендиги белгиленип, эки тараптуу мамилелер өз ара ишенимдин алкагында мүмкүн болушунча эртерээк калыбына келет деп билдирилди.

Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги да Түштүк Кореядан берилген расмий билдирүүнү ырастады.

Түндүк Корея өкмөтү өткөн жылы түштүк кореялык активисттердин Түндүк Корея чек арасына деңиз жолу менен нааразычылык баракчаларын жөнөткөндөрүнө каршы чара көрбөгөндөн кийин, Түштүк Корея менен байланыш каналдарын жабуу чечимин кабыл алган.



Тектеш кабарлар