Кытай : "АКШ карым - катнаштарды туңгуюкка кептеди"

Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Шие Финг АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Венди Шермандын Кытайдын Тяньцзинь шаарына жасаган сапарындагы жолугушуусуна баа берди.

1680386
Кытай : "АКШ карым - катнаштарды туңгуюкка кептеди"

 Кытай  «АКШнын эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды туңгуюкка кептегендигин» билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Шие Финг АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Венди Шермандын Кытайдын Тяньцзинь шаарына жасаган сапарындагы жолугушуусуна баа берди.

АКШны эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды туңнуюкка  кептегендигин айткан Шие АКШдан «абдан жаңылыш аң  - сезим жана коркунучтуу саясатын» өзгөртүшүн талап кылды.

Шие АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун Кытайдын өнүгүшүн көзөмөлгө алууга жана бастырууга аракет кылгандыгын айтты.

Тараптардын ортосундагы карым  - катнаштарда олуттуу маселелер менен кездешүүнүн негизги себебинин айрым АКШлыктардын Кытайдын «ойдон чыгарылган душман» сыяктуу көрсөтүүдө деген Шие Кытайдын айырмачылыктарды сактоо менен бирге  орток жерде биригүүнү каалагандыгын айтты.

Кытайдын тышкы  иштер министри Ван И мурунку күнү бир телекөрсөтүү каналына берген маегинде АКШнын артыкчылык мамилесин колдонуп, өз күчүн башка өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн пайдалангандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар