Кытайда селде каза болгондордун саны 33кө жетти

Синьхуанын маалыматтарына ылайык, 8 адам дайынсыз жоголгон Хэнанда 376 миңден ашуун адам коопсуз аймактарга жайгаштырылды.

1678754
Кытайда селде каза болгондордун саны 33кө жетти

Кытайдын Хэнан провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан суу ташкынынан улам каза болгон адам саны   33кө жетти.

Синьхуанын маалыматтарына ылайык, 8 адам дайынсыз жоголгон Хэнанда 376 миңден ашуун адам коопсуз аймактарга жайгаштырылды.

215 миң 200 гектардан ашуун дыйканчылык аянтына зыянын тийизген сел жана суу ташкындарынын өлкө экономикасына алып келген чыгымы 1, 22 миллиард юань  башкача айтканда 188, 6 миллион доллар болду.

Хэнан аймагынын метеорологиялык байкоо үйү Аньян, Хиби, Синсианг жана Сяозуо сыяктуу бир катар шаарларда жамгыр жаашы күтүлүп жаткандыктан эскертүү билдирди.

Кечээ жана бүгүн катуу жааган жамгыр Хэнан аймагынын түндүк-батышында жайгашкан Хуйсан шаарына дагы таасирин тийгизди.

Жергиликтүү бийлик аймакта 39 миң 583 куткаруу кызматкеринин кызмат кылгандыгын жана Хуйсанда ушул кезге чейин 37 миң  953 адамдын эвакуациялангандыгын билдирди.

Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө метролор жана автобустардагы сел суулары орундуктардан өйдө көтөрүлүп, куткарууну күтүп жаткан жүргүнчүлөрдүн көкүрөк деңгээлинен ашкандыгы  байкалды.

Көрүнүштөрдө суулар тартылган айрым метро платформаларында жерде адамдардын сөөктөрүнүн жаткандыгы жана дүрбөлөңгө түшкөн адамдардын чыгууга аракет кылгандыгы көңүлдөрдү бурду.

Көлгө айланган  Цинку жолдорунда унаалар селге жетеленип, айрымдар унаалардын үстүнө чыгып, куткарылууну күтүштү.

Бир тараптан Кытайда 15 -  июлда курулуп жаткан бир тоннелдин суу капташы менен суу астында калган 14 жумушчунун сөөгү чыгарылды.

Жухай шаардык башкаруусунун социалдык медиа сайтындагы билдирүүсүндө Шисингшан тоннелиндеги апааттын себеби же каза болгондор тууралуу маалыматтарга көп орун берилген жок.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар