Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Кытайды кызматташууга чакырды

ДССУнун чукул абалдар комитети эпидемиянын акырына чыкпагандыгын, жаңы жана кооптуу варианттарынын дүйнөгө жайылуусу күтүлүп жаткандыгы тууралуу эскертти.

1676380
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Кытайды кызматташууга чакырды

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ Кытайды Ковид  - 19 тууралуу териштирүүлөрдүн экинчи этабында дагы көбүрөөк кызматташуу түзүүгө чакырды.

БиБиСинин кабарына караганда ДССУнун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейесус берген маалыматында Кытайды ачык жана так болууга чакырды.

Гебрейесус  Ковид  - 19  эпидемиясынан мурда жана кийинки маалыматтарга жетүү керектигин белгилеп, алгачкы териштирүү баскычында Кытайдын маалыматтарын изилдөө тобу менен бөлүшпөгөндүгүн билдирди.

ДССУнун чукул абалдар комитети эпидемиянын акырына чыкпагандыгын, жаңы жана кооптуу варианттарынын дүйнөгө жайылуусу күтүлүп жаткандыгы тууралуу эскертти.

Эпидемиянын келип чыгышын иликтөөнүн биринчи этабы февраль айында аяктаган.

Буга чейин вирустун келип чыгышын иликтөө өтүнүчтөрүн четке каккан Кытай эл аралык кысымдын күчөшү менен ДССУнун делегациясына Ухань шаарында териштирүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берген.

ДССУ алгачкы бейтаптар ортого чыккан Кытайдын Ухань шаарына эл аралык илимпоздордон турган бир делегацияны жиберген.

Иликтөө учурунда делегациянын айрым мүчөлөрү кытайлык жетекчилердин эпидемиянын башындагы алгачкы бейтаптар тууралуу өздөрү даярдаган маалыматтар менен анализдерин бергендигин бирок чийки маалыматтарды бөлүшүүнү четке каккандарын билдиришкен.



Тектеш кабарлар