Францияда сепаратисттик мыйзам долбооруна каршылык көрсөтүлүүдө

Франциядагы «сепаратизмге каршы күрөшүү» деген аталышта мусулмандарды бутага алган мыйзам долбооруна Улуттук Ассамблея каршылык көрсөттү.

1667289
Францияда сепаратисттик мыйзам долбооруна каршылык көрсөтүлүүдө

Франциядагы «сепаратизмге каршы күрөшүү» деген аталышта мусулмандарды бутага алган мыйзам долбооруна Улуттук Ассамблея каршылык көрсөттү. Айрым оппозициялык депутаттар мыйзам долбоору мусулмандарга акаарат келтирди деген комментарий беришти.

Франциянын Кайраттуу партиясынын мүчөсү Алексис Корбьер мыйзам долбоорун коргогон депутаттардын кара ниеттери болгонун айтып, «Мыйзам долбоорунан пайдаланып миллиондогон мусулман жарандарыбызга акарат келтирбегиле»,-деди.

Депутат Ламия Эль Аараже Улуттук Ассамблеяда четке кагуучу мыйзам долбоору талкууланып жаткандыгын баса белгиледи.

«Республиканын мыйзамдарын сыйлоону күчөтүү принциптери» мыйзам долбоору Франция парламентинде экинчи жолу талкууланууда.

Мыйзам долбооруна ылайык, окуучуларды мектепке коштоп келген энелерге жана 18 жашка чыга элек кыздарга жоолук салынууга тыюу салынат.

Расмий спорттук мелдештерде жоолук салынууга тыюу салуу мыйзам долбооруна дагы киргизилген.

Мыйзам долбоору июль айынын аягында кабыл алынат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар