Орусия Крымда машыгуу өткөрдү

Машыгууда абадан коргонуу күчтөрүнүн даярдыгы текшерилди.

1666741
Орусия Крымда машыгуу өткөрдү

Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымда С-400 жана Панцир-С абадан коргонуу системаларын камтыган 20 учактын жана тик учактын катышуусунда текшерүү машыгуусун өткөрдү.

Орус армиясына таандык Кара деңиз флотунун билдирүүсүнө ылайык, Су-24МП чалгындоо учактары, Су-27 жана Су-30 көп максаттуу истребителдери, Су-24М алдыңкы бомбалоочу учактары, Ми-8 жана Ка-27 согуштук тик учактары катышкан машыгууда, Түштүк аскердик аймагы менен Аба күчтөрүнүн командирлигине караштуу С-400 жана Панцир абадан коргонуу тутумдарынын бөлүктөрү да болду.

Машыгууда абадан коргонуу күчтөрүнүн даярдыгы текшерилди.

Кечээ Кара деңизде Украина менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы биргелешкен "Sea Breeze-2021" аскердик машыгуусу башталган болчу.

Машыгууга НАТОго мүчө 30дан ашуун өлкө катышууда. 10-июлга чейин улана турган машыгууга 5 миң аскерден тышкары 32 кеме, 40 учак жана 18 атайын багыттагы топтор катышууда. Машыгуу 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.



Тектеш кабарлар