Астронавттар программасына 22000ден ашуун талапкер кайрылды
Кайрылгандардын саны 2008-жылы уюштурулган акыркы программага салыштырмалуу 3 эсеге көбөйгөнү айтылды.
Европа Космос Агенттиги (ESA) жаңы астронавттарды окутуу үчүн ачкан программага 22 миңден ашуун өтүнмө берилди.
"Spacenews" веб-сайтындагы жаңылыктарда, кайрылгандардын саны 2008-жылы уюштурулган акыркы программага салыштырмалуу 3 эсеге көбөйгөнү айтылды.
Жаңы астронавттар классына катышуу үчүн 5 миң 419у аял жалпы 22 миң талапкер кайрылды.
ESAнын адам ресурстары боюнча адистери биринчи кезекте 1500 талапкерди психологиялык жактан баа берүү үчүн чакырышат.
Талапкерлерге психологиялык баа берилгенден кийин 4 баскычтуу тандоо процесси өткөрүлөт.
Тандоо процесстин жыйынтыгында 4төн 6 кишиге чейин пландаштырылган жаңы астронавттар классы аныкталат.
Учурда ESAда Германиянын 2, Италиянын 2, Британиянын 1, Франциянын 1 жана Даниянын 1 космонавты кызмат өтөөдө.
ESA астронавттары Эл аралык Космос станциясындагы ротациялоочу топторго катышат.