Мексикада абакта мушташ чыкты

Мушташта 6 адам каза болуп, 9 адам жаракат алды.

1663194
Мексикада абакта мушташ чыкты

Мексиканын Табаско штатындагы абакта чыккан  мушташтан 6 адам өлүп, 9 адам жаракат алды.

Полиция кызматкерлери Табасконун баш калаасы Вильяермосадагы түрмөнүн короосунда эки атаандаш топтун ортосунда мушташ чыкканын кабарлашты.

Урушта 6 туткундун каза болгондугун белгилеген жетекчилер, 9 туткундун да жаракат  алганын билдиришти.

Жетекчилер мушташтан кийин абактагы абалдын көзөмөлгө алынгандыгын маалымдашты.

Батыш Мексикада Пуэнте-Гранде абагында май айында башталган мушташта 7 туткун каза болуп, 9 адам жаракат алган. 
 



Тектеш кабарлар