Гутерриш кайрадан БУУнун баш катчысы болуп дайындалды

Гутерриштин экинчи мөөнөтү 2022-жылдын 1-январында башталат.

1660967
Гутерриш кайрадан БУУнун баш катчысы болуп дайындалды

Антонио Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы болуп беш жылдык мөөнөткө кайрадан дайындалды.

Өз өлкөсү Португалия тарабынан көрсөтүлгөн жана талапкерлиги БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жактырылган Гутерриш 193 мүчөлүү БУУнун Башкы Ассамблеясында экинчи жолу БУУнун Башкы катчысы болуп шайланды.

БУУнун баш катчысы кызматын аркалап келе жаткан Гутерриштин экинчи мөөнөтү 2022-жылдын 1-январында башталат.

БУУнун баш катчылары беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчылыгына экинчи жолу дайындалган Антонио Гутерришти куттуктады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Гутерришти 5 жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндө чечимин 2021-жылдын 18-июнунда кабыл алганы белгиленди.



Тектеш кабарлар