Эртең Арменияда парламенттик шайлоо өтөт

Шайлоодо 22 партия менен 4 союздаштык ат салышат.

1661112
Эртең Арменияда парламенттик шайлоо өтөт

Эртең Арменияда 2 -  Карабах согушундагы жеңилүүдөн кийин туруктуулукту кайрадан түзүү үчүн эрте парламенттик шайлоо болот.

Азербайжан 30 жылга жакын убакыттан бери Армения оккупацияга алган жерлерин 44 күнгө созулган согушта бошоткондон кийин Никол Пашиняндын премьер  - министрлик кызматтан кетирилиши менен өлкөдө боло турган шайлоодо 26 саясий партия ат салышат.

Биринчи жолу рекорд деп айтыла турганчалык деңгээлде 22 партия жана 4 союздаштык катыша турган шайлоодо, 2 миллион 581 миң 93 шайлоочу  добуш берет.

Бул саясий партиялардын арасында премьер  - министр катары Пашинянга жана мурунку 3 президентке таандык партиялар да орун алды.

Кызматын шайлоого чейин убактылуу жүргүзө турган премьр  - министр Пашинян бул шайлоого «Жарандык келишим» партиясы менен катышууда.

Армениянын алгачкы президенти Левон Тер  -  Петросян (1991 – 1998) «Армения улуттук конгресс» партиясы, Россия тараптары, мурунку президент Роберт Кочарян (1998 – 2008) болсо «Армения союздаштыгы» менен ат салышат.

Пашинян элдик кыймылды баштоо менен кызматынан кетирген мурунку президент жана премьер  - министр Серж Саркисян (2008 – 2018) бул шайлоого түздөн түз кирбесе да колдогон «Ар  - намысым бар» союздаштагы менен бюллетенде орун алат. Шайлоодо кыска убакыт мурда киргизилген өзгөртүү менен "пропорционалдык өкүлчүлүк тутуму" колдонулат.



Тектеш кабарлар