Бекитилген вакциналардын ЕБ өлкөлөрүндөгү вирустун бардык түрлөрүнө каршы коргогондугу байкалды

Түркияда колдонулуп жаткан вакцинага баа берүү процессинин уланып жаткандыгы белгиленди.

1660324
Бекитилген вакциналардын ЕБ өлкөлөрүндөгү вирустун бардык түрлөрүнө каршы коргогондугу байкалды

Европанын Дары-дармектер агенттиги (EMA), бекитилген вакциналардын ЕБ өлкөлөрүндө аныкталган коронавирустун (Ковид-19) бардык түрлөрүнөн коргогондугу байкалганын билдирди.

EMAнын билдирүүсүндө, Кытайдын Sinovac компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана Түркияда колдонулуп жаткан вакцинага баа берүү процессинин уланып жаткандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) фармацевтикалык Moderna компаниясынын вакцинасынын 12-17 жаш курагына колдонулуп же колдонулбай тургандыгы каралып жаткандыгы айтылды.

Жакында AstraZeneca жөнүндө тарап кеткен "дезинформацияга" көңүл бурган билдирүүдө, бул вакцинанын учурда жактырылып колдонулуп жаткандыгы баса белгиленди.

EMAнын билдирүүсүндө: «Бекитилген вакциналардын ЕБ өлкөлөрүндө аныкталган вирустун бардык түрлөрүнө каршы коргогондугу байкалды» деп айтылды.



Тектеш кабарлар