Угур Шахин пандемиянын 4-толкуну боюнча эскертти

Бейтаптырдын санынын көбөйүшү 4-толкунга ишара кыларын баса белгилеген Шахин, Delta вариантынан этият болуу керектигин баса белгиледи.

1660101
Угур Шахин пандемиянын 4-толкуну боюнча эскертти

Немис Biontech компаниясынын негиздөөчү өнөктөшү жана башкы жетекчиси доктор Угур Шахин: «Эгерде биз жетиштүү деңгээлде этият болбосок кээ бир жерлерде төртүнчү толкунга туш болушубуз мүмкүн»,- деди.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жума сайын жарыяланган журналдын конференциясында сөз сүйлөгөн Шахин, коронавирустун (Ковид-19) учурларынын көбөйүшү мүмкүн экендигин айтты.

Бейтаптырдын санынын көбөйүшү 4-толкунга ишара кыларын баса белгилеген Шахин, Delta вариантынан этият болуу керектигин баса белгиледи.

Угур Шахин Британияда адамдардын 50 пайызга жакыны вакцинанын экинчи дозасын алганына карабастан Delta варианты дагы деле жайылып жатканына көңүл бурду.

Эмделгендерине ишенгендерди да эскерткен Шахин, эмдөөдөн 6 ай өткөндөн кийин антителонун деңгээли төмөндөп кайрадан эмдөөгө муктаждык болгонун эске салды.

Шахин вакцина өндүрүшүн көбөйтүүнү пландаштырып жатышкандыгын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар