Мишель: «Орусиядан коркпойбуз»

Мишель ЕБ-Орусия мамилелерине баа берди.

1656426
Мишель: «Орусиядан коркпойбуз»

Европа Биримдиги (ЕС) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Орусиянын кыймылдарынын алдын-ала болжолдуу жана туруктуу болушун каалагандарын билдирди.

Мишель ЕБ-Орусия мамилелерине баа берүүсүндө: «Биз Орусиянын мыйзамсыз, деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерин айыптайбыз. Орусиядан коркпойбуз жана чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтөбүз. Мен муну бир жума мурун президент Владимир Путин менен жолугушуу учурунда акырын бирок чечкиндүү билдире алдым», деди.

Европа менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Орусияга карата трансатлантикалык биримдигинин "жалпы кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды коргоого жардам берерин айткан Мишель сөзүн мындай улады: «Биз өнөктөштөрүбүз менен, Америка Кошмо Штаттары менен терең баа берүү жүргүзөбүз. АКШнын президенти Жо Байден Путин менен жолукканга чейин Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Байден менен биргелешкен жолугушуу өткөрөбүз. Трансатлантикалык биримдик канчалык күчтүү болсо, биздин кызыкчылыктарыбызды жана баалуулуктарыбызды коргоого тийгизген таасири ошончолук чоң болот», деди.


Этикеткалар: #Трансатлантикалык

Тектеш кабарлар