Байдендин чуулгандуу билдирүүсү

Байден Ак үйдө Ковид-19 эмдөөсү боюнча өткөрүлгөн пресс-конференция учурунда Палестина менен Израилдеги акыркы окуялар тууралуу суроого жооп берди.

1638649
Байдендин чуулгандуу билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден Израилдин кол салуусунда карапайым адамдар, анын ичинде балдар шейит болуп жатканда чуулгандуу билдирүү жасап, «Анын аймагына миңдеген ракета түшкөндө, Израиль өзүн коргоого укуктуу»,- деди.

Байден Ак үйдө Ковид-19 эмдөөсү боюнча өткөрүлгөн пресс-конференция учурунда Палестина менен Израилдеги акыркы окуялар тууралуу суроого жооп берди.

Египет, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери, ошондой эле Израиль сыяктуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен тыгыз байланышта экендиктерин айткан Байден, Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана бул боюнча жакынкы келечектеги билдирүү жарыялай тургандарын айтты.

Жакын арада кырдаал тынчыйт деп күтүп жаткандыгын баса белгилеген Байден: «Анын аймагына миңдеген ракета түшкөндө, Израиль өзүн коргоого укуктуу»,-деп айтты.

Ошол эле учурда, Байдендин Нетаньяху менен сүйлөшүүсүнө байланыштуу Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Байден Хамас жана башка террордук топтордун Кудс менен Тель-Авив дагы арасында болгон аймактарга жасалган ракеталык чабуулдарын айыптады. Байден Израилдин коопсуздугун жана Израилдин жарандарды коргоп жатып, өзүн-өзү жана өз элин коргоого болгон укугун чексиз колдой тургандыгын билдирди»,деген сөздөр камтылган.


Этикеткалар: #Палестина , #Жо Байден

Тектеш кабарлар