Израилдин Газага кол салуусунан каза болгондордун саны көбөйүүдө

Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүнө караганда, акыркы кол салуулардан кийин дагы 3 адамдын өлүмүнүн натыйжасында жалпы адам өлүмү 24кө жетти.

1637713
Израилдин Газага кол салуусунан каза болгондордун саны көбөйүүдө

Кечээ кечинде Израилдин Газа тилкесине кол салууларында шейит болгондордун саны 24кө жетип, жаракат алгандардын саны 103кө жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүнө караганда, акыркы кол салуулардан кийин дагы 3 адамдын өлүмүнүн натыйжасында жалпы адам өлүмү 24кө жетти.

Жарандык коргонуу топторунун жооптуу кызматкери, акыркы кол салууларда адам курмандыктары Газанын батыш тарабындагы бир үйдө болгонун, үй чарбасында каза болгон үч адамдын бири аял, экинчиси майып палестиналык болгонун айтты.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин Израилдин кол салууларынан 9у балдардан турган 21 адам шейит болуп, 95 адам жаракат алганын жарыялаган.

Дүйшөмбү күнү кечинде Израил армиясы Газа тилкесине аскерий операция башталганын, Газага абадан сокку урулганын жана Газадан өлкөнүн түштүгүнө көптөгөн ракеталар атылганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар