Иранда сел жүрдү

Ирандын ар кайсы аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан сел жүрүп, кеминде 10 адам каза болду.

1633957
Иранда сел жүрдү

Ирандын ар кайсы аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан сел жүрүп, кеминде 10 адам каза болду.

Ирандык жумушчулар маалымат агенттиги ILNAга маек берген  Ирандын Кызыл Жарым Ай Жардам жана Куткаруу мекемесинин төрагасы Мехди Велипур кечээ өлкөнүн түндүк-чыгыш, борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарында болгон сел жөнүндө маалымат берди.

Велипур : «Ашыкча жаан-чачын Исфахан, Йезд, Түштүк Хорасан, Хорасан-и Резеви, Кирман, Симнан, Тегеран жана Систан-Беличистан провинцияларында селдин жүрүшүнө себеп болду. Селде жоголгон 10 кишинин сөөгү Түштүк Язд, Хорасан, Кирман  провинцияларында табылды. Бир адамды издөө иштери улантылууда»,- деди.

Селден 6 район жана 47 айылдын жабыркагандыгын белгилеген Велипур, издөө жана куткаруу иштерине жүздөгөн кишинин катышкандыгын айтты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар