Японияда катуу бороон болду

Япониянын Сидзуока штатында  катуу бороон болуп, 3 адамдын жеңил жаралангандыгы жана 97 имараттын зыян тарткандыгы билдирилди.

1632573
Японияда катуу бороон болду

Япониянын Сидзуока штатындагы Макинохара районунда болгон бороондо айрым имараттардын чатырлары учуп, терезелери сынды.

Бороондун айынан район боюнча 97 имарат зыянга учурап, токтоп турган унаалар жеринен жылып, электр мамычалары ийрейип калган.

Муниципалдык кызматкерлердин айтымында, бороондон 3 адам жеңил жаракат алып  бирок өлүм  - житим болгон жок.

Чубу электр тармактар ​​ишканасынын маалыматы боюнча, аймак боюнча  3200гө жакын кожолукта электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.



Тектеш кабарлар