АКШ аскерлери Афганистандан чыккандан кийин Талибандын жаман кесепеттери менен бетешиши мүмкүн
АКШнын башкы штабынын төрагасы, генерал Марк Милли Associated Press агенттигине маалымат берди.
АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Марк Милли АКШ аскерлери Афганистандан чыккандан кийин афган өкмөтүнүн Талибандын жаман кесепеттери менен беттешиши мүмкүн экендигин айтты.
Милли Associated Press агенттигине берген маалыматында афган коопсуздук күчтөрүнүн мыкты камсыздалып жана машыктырылгандыгын бирок эл аралык колдоо болбостон Талибан кол салууларына даяр экендигин айта албай турганын билдирди.
Афганистанда Кабул өкмөтү менен Талибандын ортосунда саясий келишүү ыктымалынын да бар экендигин белгилеген Милли бул ишке аша турган болсо массалык жарандык согуштун жолу тосуларын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.