Коронавирус таблеткасы 2021-жылдын аягында колдонулушу мүмкүн
Таблетканын коронавирустун ар кандай варианттарына каршы күрөшүүдө мурунку дары-дармектерге караганда кыйла натыйжалуу жыйынтык бериши мүмкүн экендиги билдирилди.
Фармацевтикалык Pfizer компаниясы, коронавирус (Ковид-19) таблеткасынын биринчи баскычтагы сыноолордон өткөндүгүн жана ушул жылдын аягына чейин сатыкка чыгарылаарын жарыялады.
Ковид-19 вакцинасына байланыштуу камсыздоо маселеси, терс таасирлери сыяктуу талкуулар уланып жатканда, Пфизердин Аткаруу кеңешинин төрагасы жана башкы жетекчиси Альберт Бурла: "Ковид-19 таблеткасы 2021-жылдын аягында сатыла башташы мүмкүн" деп билдирди.
Бурла "PF-07321332" деп аталган таблетканын коронавирустун ар кандай варианттарына каршы күрөшүүдө мурунку дары-дармектерге караганда кыйла натыйжалуу жыйынтык бериши мүмкүн экенин билдирди.
Pfizerдин башкы илимий кызматкери Микаэль Долстен: «Биз PF-07321332ни инфекциянын биринчи белгилеринде бейтаптарды ооруканага жаткырбастан потенциалдуу дарылоо катары иштеп чыктык, - деди.
Таблетка вируска каршы дары катары колдонулат жана вирустун адам организминде көбөйүшүнө жол бербейт.
Бул дары март айынын башында 1-фазадагы сыноодон өткөн болчу.