Россия Apple компаниясына айып пул салды

Apple компаниясы болсо бул чечимге каршы даттана тургандыгын билдирди.

1629625
Россия Apple компаниясына айып пул салды

Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматы (FAS) Американын технологиялык гиганты Apple компаниясына Россиянын монополияга каршы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 12 миллион 88 миң доллар (906 миллион рубль) айып пул салды.

Билдирүүдө "Apple компаниясына 26-апрелде Монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 906 миллион рублдан ашык дивиденддик жаза берилди" деп айтылды.

Apple компаниясы болсо бул чечимге каршы даттана тургандыгын билдирди.

Дүйнөлүк киберкоопсуздук компаниясы Kaspersky Lab, 2020-жылы август айында Apple компаниясын уюлдук телефондор тиркемелеринин рыногундагы кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап, Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматына арыз жазган болчу.



Тектеш кабарлар