НАТОнун Россия тууралуу билдирүүсү

Столтенберг, Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер менен НАТОнун баш кеңсесиндеги жолугушуусу боюнча өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда, Россия тууралуу маалымат берди.

1629646
НАТОнун Россия тууралуу билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россиянын Украинанын чек арасындагы жана мыйзамсыз аннексиялап алган Крымдагы аскердик курамын артка тарткандыгы жөнүндөгү жаңылыкка канааттангандарын билдирип, кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп тураарын билдирди.

Столтенберг, Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер менен НАТОнун баш кеңсесиндеги жолугушуусу боюнча өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда, Орусиянын Украинанын чек арасындагы жана Крым жарым аралындагы аскердик курамын күчөтүүдөн кийин бул жаңылык менен чыңалуунун бир аз төмөндөгөнүн байкагандыгын жана аларды кубандырганын айтты.

Столтенберг: «Эми биз окуялардын өнүгүшүн жана кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алабыз. Россиянын Украинадагы жана анын айланасындагы бардык аскердик топтолууну токтотуп, саясий жараянга ак ниеттүүлүк менен киришин күтөбүз»,-деди.

НАТОнун Украинаны колдой тургандыгын билдиргенин эске салган Столтенберг, шериктештиктин Украинага практикалык жана окутуу жагынан колдоо көрсөткөнүн жана реформаларды жүргүзүүдө жардам бергенин айтты.

Столтенберг Россиянын акыркы жылдардагы жүрүм-турумуна тынчсызданып жатышканын белгилеп, НАТО акыркы дипломат кризисинде Украинаны гана эмес, Чехияны да калдогонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар