Португалияда 8 айдан кийин биринчи жолу өлүм - житим катталган жок

Өлкөдө 19 -  апрелде мектептерде билим берүү башталып, музейлер, соода борборлору ишке кирип, бир столдо 4 киши отуруу шарты менен ресторандар иштеп баштаган.

1629270
Португалияда 8 айдан кийин  биринчи жолу өлүм  - житим катталган жок

Ковид  - 19  бейтап саны жана өлүм  - житим төмөндөй баштаган Португалияда 8 айдан кийин биринчи жолу эпидемияга байланыштуу күнүмдүк өлүм  - житим маалыматтары катталган жок.

Саламатытк сактоо боюнча башкы директорлук жаңылаган Ковид – 19 маалыматтарына караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 196 жаңы бейтап аныкталып, вирустан каза болгондор болгон жок.

Өлкөдө 2 -  августтан бери биринчи жолу Ковид  - 19дан өлүм  -  житимдин болбогону көңүлдөрдү бурду.

Өзгөчө кырдаал 30 -  апрелге чейин узартылган өлкөдө Испания менен кургактык чек араларынан бир гана соода жана атайын уруксаттар менен өтүү улантылууда.

Солчул азчылык өкмөтү январь айынын ортосунда ишке ашырыла баштаган жалпы жабууну азайган бейтап саны жана азайган өлүм  - житимдерден улам 5 -  апрелден тарта баскыч түрүндө жеңилдете баштаган.

19 -  апрелде мектептерде билим берүү башталып, музейлер, соода борборлору ишке кирип, бир столдо 4 киши отуруу шарты менен ресторандар иштеп, чектөө менен кино театрлар ачыла баштаган.



Тектеш кабарлар