Буркина Фасодо 3 чет элдик журналис жоголду

Буркаина Фасонун Гурма аймагында мыйзамсыз аңчылык менен күрөшкөн  топторго карата жасалган кол салууда үч кишинин жаралангандыгы, чет элдик 3 журналист менен бир аскердин дайынсыз жоголгондугу маалымдалды.

1629403
Буркина Фасодо 3 чет элдик журналис жоголду

Буркаина Фасодо болгон кол салуудан кийин чет элдик 3 журналисттин дайынсыз жоголгондугу билдирилди.

Улуттук басма сөздө чыккан кабарларда өлкөнүн чыгышындагы Гурма аймагында мыйзамсыз аңчылык менен күрөшкөн  топторго карата жасалган кол салууда үч кишинин жаралангандыгы, чет элдик 3 журналист менен бир аскердин дайынсыз жоголгондугу маалымдалды.

Кабарларда дайынсыз жоголгон журналисттерди кол салгандардын уурдап кетиши мүмкүн экендиги орун алды. Дайынсыз жоголгон журналисттердин экөөсү испаниялык, бирөөсүнүн ирландиялык экендиги белгиленди.

Коопсуздук жетекчилери журналисттердин жана буркина фасолук аскердин табылышы үчүн коопсуздук күчтөрүнүн аймакка баргандыгын билдирди.

Буркина Фасодо 2015 -  жылдан бери террордук уюм кол салууларын улантып келе жатат. Жарандарды жана аскерлерди бутага алган кол салуулардан улам миңдеген киши коопсуз аймактарга көчүүгө мажбур болушту. Айрым аймактарда чукул абал жарыяланды.



Тектеш кабарлар