Израиль полициясы Яффада араб коомчулугуна кол салды

Израиль полициясы Яффа шаарында ошол жерден аргасыз көчүп кетүүгө мажбурланган палестиналыктар тарабынан уюштурулган демонстрацияга кийлигишти.

1624567
Израиль полициясы Яффада араб коомчулугуна кол салды

Израиль полициясы Яффа шаарында ошол жерден аргасыз көчүп кетүүгө мажбурланган палестиналыктар тарабынан уюштурулган демонстрацияга кийлигишти.

Аймактагы күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Кудстун батыш тарабында 55 чакырым алыстыктагы Яффада негизинен арабдар болгон Жебелие Мааласынын Толоз көчөсүндө уюштурулган демонстрацияда Израиль полициясы менен палестиналыктардын ортосунда тирешүү болду.

Жекшемби күнү шаардан аргасыз көчүүгө мажбурланган  палестиналыктар уюштурган ушундай эле демонстрацияда Израилдин полициясы 3 адамды кармап кеткен.

Ошол эле күнү, Ажеми кварталындагы жөөт хахамына кол салуу болгондон кийин, шаардагы жөөт отурукташуучулары нааразычылыгын билдиришти.

Йедиот Ахаранот гезитинин окуялар жөнүндөгү кабарына ылайык, еврей хахам Ильяху Малиге өзү башкарган мектептеги окуучулардын турак жайы үчүн имарат сатып алуу үчүн Ажеми конушуна барганда эки араб жаштары кол салышкан.

Израилдеги арабдар жөнүндө жаңылыктарды камтыган «Араб 48» веб-сайтына ылайык, сөз болуп жаткан имаратта араб үй-бүлөсү жашайт жана өкмөттүк Amidar турак жай компаниясы имаратты бошотуп хахамга сатууну пландап жатат.

Израилдеги араб коомчулугунун абалы менен алектенген Жогорку Мониторинг комитети Израилдин полиция кызматкерлерин Яффадагы араб коомчулугуна күн сайын кол салууда деп айыптоодо.



Тектеш кабарлар