Индонезияда сел жана жер көчкү болду

Индонезияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны болуп, жер көчкүдөн каза болгондордун саны 181ге жетти.

1623984
Индонезияда сел жана жер көчкү болду

Индонезияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны болуп, жер көчкүдөн каза болгондордун саны 181ге жетти.

Чыгыш Нуса-Тенггара штатынын губернаторунун орун басары Йозеф Нае Сой акыркы издөө-куткаруу иштеринде көптөгөн сөөктөрдү табшкандарын айтты.

Каза болгондордун жалпы саны 181ге жеткенин айткан Йозеф, кабар алына албай жаткан 48 адамды издөө иштери уланып жаткандыгын билдирди.

Чыгыш Нуса - Тенггара штатынын Чыгыш Флорес, Лембага жана Алор шаарларында 5-апрелден бери тынбай жааган жамгыр суу ташкындарына жана жер көчкүлөрүнө себеп болду. Сел жана жер көчкүдөн кийин 15 000ге жакын үй жараксыз абалга келди. Экватор муунундагы Индонезияда өзгөчө октябрь  -  апрель айларынын арасында бат – бат суу ташкыны жана жер көчкү болуп турат.



Тектеш кабарлар