ДССУ: «Ковид-19 эпидемиясын токтотуу үчүн өтө узак жол бар»

Тедрос Гебреисус уюмдун Швейцариядагы Женева шаарындагы баш кеңсесинде видео конференция өткөрдү.

1619952
ДССУ: «Ковид-19 эпидемиясын токтотуу үчүн өтө узак жол бар»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясын токтотуу үчүн «өтө узак жол» бар экендигин эскертип, «Жылдын алгачкы эки айында оорулардын жана өлүмдөрдүн санынын төмөндөшү бул вирусту жана анын түрлөрүн токтотууга болот»,-деди.

Тедрос Гебреисус уюмдун Швейцариядагы Женева шаарындагы баш кеңсесинде видео конференция өткөрдү.

Физикалык аралык, маска, колдун гигиенасы, желдетүү, тестирлөө, байланышты көзөмөлдөө, изоляция жана карантин сыяктуу иш-чаралар Kovid-19га каршы «иштей берерин» баса белгилеген Гебреисус: «Бирок башаламандык, кайдыгерлик жана коомдук саламаттыкты сактоо иш-чараларындагы ыраатсыздык жана аларды жүзөгө ашыруу жугуштуу ооруну жаратат жана адамдардын өмүрүнө зыян келтирет»,-деп айтты.

Ковид-19 сасык тумоо эмес экендигин кайталаган Гебреисус: «Жаш, дени сак адамдар каза болушту. Тирүү калгандар үчүн биз бул инфекциянын узак мөөнөттүү кесепеттерин толук айта албайбыз. Бул эпидемиянын токтошу үчүн узак жол бар. Бирок бизде оптимисттик маанайда болууга көптөгөн себептер бар. Бул жылдын алгачкы эки айында оорулардын жана өлүмдөрдүн санынын төмөндөшү бул вирусту жана анын түрлөрүн токтотууга болорун көрсөтүп турат»,деди.



Тектеш кабарлар