АКШ Германияга кошумча 500 аскер жөнөтөт

Эки өлкөнүн коргоо министрлери жолугушту.

1620519
АКШ Германияга кошумча 500 аскер жөнөтөт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министри Ллойд Остин өлкөсүнүн кошумча 500 аскер жөнөтүп Германиядагы аскердик күчүн көбөйтө тургандыгын билдирди.

Германияга биринчи расмий иш сапарын жасаган Ллойд Остин кесиптеши Аннегрет Крамп-Карренбауэр менен Берлинде өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда, өз аскерлерин өлкөдөн чыгаруу планын токтоткондорун белгилеп: «Бүгүн мен Германиядагы АКШнын аскердик күчүн арттырарыбызды укканым үчүн кубанычтамын»,- деди.

Остин: «Германияга кошумча 500дөй аскер жиберилет»,-деп айтты.

Күзүндө жайгаштырыла турган кошумча 500 аскердин НАТОнун өнөктөштөрүнүн кибер согуштагы мүмкүнчүлүктөрүн арттыра тургандыгын белгилеген Остин мунун бир эле учурда Европадагы коргонууну күчтөндүрө турганын билдирди.

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр да АКШнын чечимине канааттангандыгын билдирип, мунун күчтүү тилектештиктин белгиси экенин айтты.



Тектеш кабарлар