Боко Харам БУУнун жардам берүү мекемесине кол салды

Кол салууда 5 киши каза болду.

1619521
Боко Харам  БУУнун жардам берүү мекемесине кол салды

Нигериянын түндүк чыгышында  террордук уюм Боко Харамдын БУУнун жардам берүү мекемесине  жасаган кол салуусунда 5 киши каза болду.

Атынын билдирилишин каалабаган бир жетекчи Борно аймагыннын чек арасындагы Дамасак аймагында террордук уюм Боко Харамдын БУУнун жардам берүү мекемелерине кол салгандыгын билдирди.Жетекчи кол салууда 5 кишинин каза болгондугун айтты.

БУУнун гуманитардык жардамдар боюнча Нигерия координатору Едуард Каллон берген билдирүүсүндө кол салууда 3 жардам мекемесин бутага алынгандыгын билдирди.

Каллон кол салууну айыптап, 10 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөнүн түндүк чыгыш аймагындагы жардам кызматкерлери менен жардам мекемелеринин террордук кол салууга учурап жаткандыгын белгиледи.

Кол салуулардан улам аймактагы гуманитардык жардам берүү кызматкерлеринин саны азайтыларын билдирген Каллон бул азайтуунун аймактагы 8 800 жерлеринен кеткен кишиге таасирин тийгизерин белгиледи.



Тектеш кабарлар