Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди

Палестина расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда мамлекет башчысы Аббас Германияда медициналык  текшерүүдөн өттү.

1616634
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди

Германияда медициналык текшерүүдөн өткөн Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.

Палестина расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда мамлекет башчысы Аббас Германияда медициналык  текшерүүдөн өттү. Анализдерде эч бир терстиктин болбогондугу жана Аббастын ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди. Аббас эртең Палестинага кайтып келет.

Иорданиянын куралдуу күчтөрүнө таандык эки тик учар Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббасты алуу үчүн 5 -  апрелде оккупация астындагы Батыш Шерианын Рамаллах шарына конгон.

Эскерте кетсек ден соолугуна байланыштуу кезектеги текшерүүлөрүн өлкө тышында жасатуусу пландалган Аббастын Иорданиядан Германияга барары билдирилген. 85 жаштагы Аббас андан мурда оккупацияга астындагы батыш Шериа жана Иорданиянын борбор шаары Аммандагы айрым ооруканаларда түрдүү текшерүүлөрдөн өткөн.



Тектеш кабарлар