Мьянмада каза болгондор улам көбөйүүдө, аскерлер чиркөөлөргө кирип барышты...

Саясий туткундарга жардам берүү уюму (AAPP) жарыялаган күнүмдүк отчетто акыркы 24 сааттын ичинде 11 адам каза тапканы маалымдалды.

1616276
Мьянмада каза болгондор улам көбөйүүдө, аскерлер чиркөөлөргө кирип барышты...

Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн камакка алынышына каршы чыккан нааразылык акцияларына коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында өмүрүнөн айрылган адамдардын саны 581ге жетти.

Саясий туткундарга жардам берүү уюму (AAPP) жарыялаган күнүмдүк отчетто акыркы 24 сааттын ичинде 11 адам каза тапканы маалымдалды.

Отчетто жалпы жоготуулардын 581ге чейин көбөйүп, 2 миң 750 адам кармалганы белгиленди.

Төңкөрүшкө каршы болгон 463 адамды кармоонун буйруктары бар деп айтылган.

Экинчи жагынан, Мьянма армиясы нааразы болгондорду издөө үчүн Качин провинциясындагы чиркөөлөргө тинтүү жүргүзгөнү жарыяланды.

The Irrawaddy веб-сайтындагы жаңылыктарга караганда, провинциянын Мохнын районундагы аскерлер митингчилер жашынып жатат деп кээ бир чиркөөлөргө кирип барышты жана тургундарга кол салышты.

Жоокерлер басып алышкан чиркөөлөрдүн кире беришиндеги эшиктерин талкалап, айрым буюмдарына зыян келтиргендиги жазылган.



Тектеш кабарлар