Путин 2036-жылга дейре президенттик кызматты аркалай алат
Кызмат мөөнөтү 2024-жылы аяктай турган Путин, жаңы мыйзамды бекитти.
1615201
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө дагы 2 мөөнөткө иштөөгө мүмкүнчүлүк берген мыйзамды бекитти.
Кызмат мөөнөтү 2024-жылы аяктай турган Путин, жаңы мыйзамды бекитүүсү менен кийинки 2 шайлоого катыша алат.
Эгерде Россиянын Президенти сөз болуп жаткан шайлоолордо жеңип чыкса, анда ал 2036-жылга чейин президенттик кызматта кала алат.
20 жылдан ашуун бийликте турган Путин 68 жашта.