Кремль : "Украина чек арасындагы кыймылдуулук коркунуч туудурбайт"

Москва Украина чек арасындагы орус аскерлеринин кыймылдуулугунун эч ким үчүн коркунуч эмес экендигин жарыялады.

1615162
Кремль : "Украина чек арасындагы кыймылдуулук коркунуч туудурбайт"

Москва Украина чек арасындагы орус аскерлеринин кыймылдуулугунун эч ким үчүн коркунуч эмес экендигин жарыялады.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Россиянын өлкө ичинде ылайык болгондой аскерлерин кыймыл кылдыргандыгын белгиледи.

Песков Россиянын ар дайым өз коопсуздугун көзөмөлгө алгандыгын айтып Украина чек арасындагы аскердик кыймылдуулуктун Украинага да башкалар үчүн да коркунуч эмес экендигин айтты.

Украинанын башкы штабынын төрагасы Руслан Хомчак 30 -  мартта парламентте сөз сүйлөп, орус куралдуу күчтөрүнүн аскердик машыгуу деген шылтоо менен Украина чек арасына бөлүктөрдү жибергендигин билдирген.

Дмитрий Песков буга чейин Орусия өзүнүн куралдуу күчтөрүн өз аймагынын чегинде өз каалоосу боюнча жылдыргандыгын жана  эч кимге коркунуч туудурбасын билдирген.

Донбасстагы кризистин чечилишине байланыштуу Россия, Украина жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан турган үч тараптуу байланыш тобу 2020-жылдын 27-июлуна карата ок атышууну токтотуу боюнча кеңири чечим кабыл алган.

2014 - жылдан бери ушул чөлкөмдө көзкарандысыздык деп атаган орусиячыл жикчилдер менен Киев администрациясынын ортосундагы кагылышууда 13 000ден ашуун адам өз өмүрүн кыйды. Аймакта көз карандысыздыгын жарыялаган Россия тарапташтары жикчилдер менен Киев башкаруусунун арасында 2014 -  жылдан бери келе жаткан кагылышууларда 13 000ден ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар