Фейсбуктун 533 миллион колдонуучусунун өздүк маалыматтары жайылып кетти

Бул тууралуу "Business Insider" веб-сайтындагы жаңылыктарда маалымат берилди.

1614589
Фейсбуктун 533 миллион колдонуучусунун өздүк маалыматтары жайылып кетти

Фейсбук социалдык медиа платформасынын 533 миллион колдонуучусунун маалыматы хакерлер платформасында онлайн жарыяланды.

"Business Insider" веб-сайтындагы жаңылыктарда, дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн 533 миллион Facebook колдонуучусунун телефон номерлери жана жеке маалыматтары онлайн режиминде хакерлер платформасында акысыз бөлүшүлгөнү айтылган.

Телефон номерлери, жайгашкан жери, туулган датасы, электрондук почта маалыматтары менен кошо жарыяланган жеке маалыматтардын 32 миллиондон ашыгы АКШдан, 11 миллиону Улуу Британиядан жана 6 миллиону Индиядан экени белгиленди.

Коопсуздук адистери маалыматты хакерлер алдамчылык максатында колдонушу мүмкүн деп эскертишти.



Тектеш кабарлар