Физика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Акасаки каза болду

Киодо агенттигинин кабарына караганда, Мейдо университети Акасакинин Нагоя шаарында каза болгонун билдирди.

1613962
Физика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Акасаки каза болду

Дүйнөдөгү биринчи эффективдүү көк жарык диодун (LED) ойлоп тапканы үчүн 2014-жылы физика боюнча Нобель сыйлыгын алган япон физик Акасаки Исаму 92 жаш курагында көз жумду.

Киодо агенттигинин кабарына караганда, Мейдо университети Акасакинин Нагоя шаарында каза болгонун, ал жерде пневмониядан дарыланганын билдирди.

Кагосимада туулган Акасаки 1952-жылы Киото университетин аяктагандан кийин азыр Панасоник деп аталган ошол кездеги Мацушита электр индустрия фирмасында иштеген.

Нагоя университетинен 1981-жылы профессорлук наамына жетишкен Акасаки, 2014-жылы өзү ойлоп тапкан светодиоддун жардамы менен физика боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Акасаки бул сыйлыкты кесиптештери япон Амано Хироши жана япон тектүү америкалык Накамура Шудзи менен бөлүштү.



Тектеш кабарлар