«Түндүк агым- 2» долбоорунун 95 пайызы бүттү

Долбоордун алкагында куурдун курулушу Германиянын жана Даниянын аймактык сууларында уланып жаткандыгын билдирди.

1612907
«Түндүк агым- 2» долбоорунун 95 пайызы бүттү

«Түндүк агым- 2» жаратылыш газы долбоорунун 95 пайызы бүттү.

«Түндүк агым-2» долбоорунун аткаруучу компаниясы болгон Nord Stream 2 AG, долбоордун алкагында куурдун курулушу Германиянын жана Даниянын аймактык сууларында уланып жаткандыгын билдирди.

Билдирүүдө, куурдун курулушунда 121 чакырым калгандыгы белгиленип: «Долбоордун 95 пайызына туура келген 2 миң 339 чакырымга түтүк төшөө иштери аяктады» деп маалымдалды.

Болжол менен 10 миллиард евро сарпталышы күтүлүп жаткан «Түндүк Агым- 2» долбоору менен жылына 55 миллиард кубметр орус газынын Балтика деңизи аркылуу Германияга жеткирилиши пландалууда.



Тектеш кабарлар