Лавров:«Ооганстандагы аскердик жана саясий кырдаал кооптондуруп жатат»

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында видео жарыяланды.

1611520
Лавров:«Ооганстандагы аскердик жана саясий кырдаал кооптондуруп жатат»

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандагы аскердик жана саясий кырдаал кооптондуруп жаткандыгын айтты.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган видеого караганда, Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстандын жана Ооганстандын теңтөрагалыгынын астында Дүйшөмбү шаарында өткөн «Азиянын жүрөгү-Стамбул процессинин» 9-министрлер конференциясында сөз сүйлөдү.

Лавров Ооганстан маселеси жөнүндө айтып жатып, бул өлкө оор баскычтан өтүп жаткандыгын айтты.

Лавров: «Ооганстандагы аскердик жана саясий кырдаал кооптондурат. Террордук чабуулдар үзгүлтүксүз болуп турат», - деди.

Ушул жагдайда Лавров зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө аракет жасалышы керектигин баса белгилеп, Ооганстан маселеси боюнча кеңейтилген үч тараптуу жолугушуу 18-мартта Москвада өткөнүн эске салды.

Лавров: «Ооган делегацияларынын сүйлөшүүлөрү Дохадагы сүйлөшүү процессин тездетти»,-деди.

Ооганстан маселесин чечүүдө аймактык жана эл аралык өнөктөштөр менен интенсивдүү байланышта экендиктерин белгилеген Лавров: «Россия Ооганстанды көзкарандысыз, өзүн өзү камсыз кылган, террористсиз жана баңги затсыз өлкө катары калыбына келтирүүнү жактайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар