Кытайга таандык кемелер Япониянын территориясына кирди

Япония жээк коопсуздугу Кытайга таандык кемелерди аймактан чыгуу боюнча эскертти.

1610436
Кытайга таандык кемелер Япониянын территориясына кирди

Кытайдын эки жээк күзөт кемеси Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасында Япониянын аймактык сууларына кирди.

Өлкөнүн түштүк-батыш тарабындагы Окинава провинциясынын Наха районундагы 11-Жээктеги Коопсуздук штабынын маалыматы боюнча, Кытайга таандык кемелер улуттук аймактык суу эрежелерин бузган.

Талаш  - тартыштуу Сенкаку аралдарынын айланасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00 чамаларында айланып өткөн кемелер 04:20 чамаларында Минами  -  Кожима аралынын 20 километр түштүгүнө чейин жакындаган.

Япония жээк коопсуздугу Кытайга таандык кемелерди аймактан чыгуу боюнча эскертти.

Коомдук телекөрсөтүү NHK каналынын билдиргенине караганда Кытайдын расмий кемелери бул жылы  ушул кезге чейин Сенкакунун айланасында Япониянын аймактык сууларына 11 жолу кирген.



Тектеш кабарлар