Мьянмадагы акыркы кырдаал

The Guardian гезити билдиргендей, кечээ өткөрүлгөн нааразычылык акцияларына коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгон 114 кишинин бири 20 жаштагы Тха Маунг Маунгду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

1610015
Мьянмадагы акыркы кырдаал

Мьянмада коопсуздук күчтөрү кечээ аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн кармалышына каршы нааразычылык акцияларында курман болгондордун биринин тажыясына чогулган элге ок чыгарышты.

The Guardian гезити билдиргендей, кечээ өткөрүлгөн нааразычылык акцияларына коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгон 114 кишинин бири 20 жаштагы Тха Маунг Маунгду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандардын айрымдары, жаназа учурунда коопсуздук күчтөрү аларга ок чыгарганын белгилешти.

Жаназа убагында өлгөн же жаракат алган болуп болбогону жөнүндө эч кандай маалымат берилген жок.

Экинчи жагынан, өлкөнүн басма сөзүндөгү жаңылыктарда, демонстранттар бүгүн уюштурган нааразычылык акциясына коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында эки адам каза болду деп жазылды.

Мьянмада, төңкөрүшкө каршы демонстрацияларда кечээ кеминде 114 адам каза болгон соң, митингчилер бүгүн да көчөгө чыгышты.

Демонстрациялар көптөгөн жерлерде, айрыкча өлкөнүн эки ири шаары Янгон менен Мандалайда өттү.

Айрым жерлерде полиция менен митингчилер кайрадан бетме-бет келишти.

Myanmar Now веб-сайтындагы маалыматка ылайык, кечээки нааразычылык акцияларында кеминде 114 адам, анын ичинде 16 жашка чейинки балдар каза болду.

1-февралдагы аскердик төңкөрүштөн кийин, өлкөдө курман болгондордун саны 420дан ашканы айтылган.



Тектеш кабарлар