Афганистанда эл Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн тынчтык менен аякташын күтүүдө

Вахдет  -  и Ислами Мардуми Афганистан партиясынын лидери Мухаммед Мухаккик Түркиянын Афганистандын  тынчтык конференциясын өткөрүүсүнөн кубанычтуу экендигин айтты.

1609056
Афганистанда эл Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн тынчтык менен аякташын күтүүдө

Афганистандын президенти Ашраф Ганинин коопсуздук жана саясий иштер боюнча кеңешчиси жана Вахдет  -  и Ислами Мардуми Афганистан партиясынын лидери Мухаммед Мухаккик элдин келерки айда өткөрүлүшү пландалган Стамбул конференциясынын тынчтык менен аякташын күтүп жаткандыгын айтты.

Мухаккик Анадолу агенттигине берген маалыматта Түркиянын Афганистандын  тынчтык конференциясын өткөрүүсүнөн кубанычтуу экендигин айтты.

Түркиянын ар дайым афган калкынын жанында болгонун айткан Мухаккик : «Түркия мындан мурда Афганистанда туруктуулуктун түзүлүшү үчүн чоң аракеттерди кылды. Ал аракеттердин бири да Пакистан  -  Афганистан жана Түркия үчтүк саммити»,- деди.

Түркиянын НАТО ичинде Афганистанда туруктуулуктун түзүлүшү жана өлкөнүн кайрадан курулушу үчүн да маанилүү  иштерди турмушка ашыргандыгын айткан Мухаккик Түркиянын Афганистанда аткарган иштеринин чыныгы достук маанайда аткарылгандыгын айтты.

«Афганистан калкы келерки айда болушу пландалган Стамбул конференциясынын тынчтык менен жыйынтыкталышын күтүп жатат»,- деген Мухаккик Стамбул конференциясында абдан маанилүү темалардын караларын, чечүүчү жолдун да оңой болбой тургандыгын баса белгиледи.  

Мухаккик : «Афганистан калкы Түркиянын  тынчтык аракеттерине карата жакшы ниетте. Түркиянын Афганистан үчүн тынчтык конференциясын өткөрүшүнөн кубанчтуубуз. Түркия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кыска убакытта жыйынтыкталышында таасирдүү болушу мүмкүн»,- деди.

Мухаккик афган өкмөтү менен Талибандын ортосунда ар кандай пикирлердин бар экендигин жана эки тараптын карама – каршы көз карашта болушу процессти   кыйындаткандыгын билдирди.

Афганистандын мурдагы президенти Хамид Карзай да Афганистанда тынчтыктыктын афгандардын ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында гана мүмкүн экендигин айтты.

Түркиянын Россия сыяктуу Афганистандын мурунку досу экендигин белгилеген Карзай Москвадагы жыйында афган тараптардын конок жана байкоочу болгондугун, Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн түздөн түз афгандар арасындагы сүйлөшүүлөр үчүн өткөрүлгөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар