Индияда Ковид-19дун кош мутанттуу варианты табылды

Махараштрадагы үлгүлөрдүн 206сында Ковид-19дун кош мутанттуу варианты аныкталгандыгы белгиленди.

1607875
Индияда Ковид-19дун кош мутанттуу варианты табылды

Индиянын батыш аймактарында коронавирустун (Ковид-19) "Кош мутант" (Double mutant) варианты табылганы маалым болду.

US Newsтун, Индиянын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча Улуттук борборунун директору Сужит Кумар Сингхтин билдирүүсүнө таянып берген кабарында, Ковидден эң көп жабыркаган аймактардын бири болгон Махараштранын батышындагы үлгүлөрдүн 206сында Ковид-19дун кош мутанттуу варианты аныкталгандыгы белгиленди.

Кабарда жаңы варианттын баш калаа Нью-Делидеги 9 үлгүдө дагы табылгандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар