Макрон Париж мечитин зыярат кылды

Макрондун Францияда жашаган мусулмандарга өзүнүн достугун билдиргендиги белгиленди.

1597581
Макрон Париж мечитин зыярат кылды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париж мечитин зыярат кылды. 

Париж мечитинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Макрондун мечиттин жетекчиси Чемс-еддине Хафыз менен «досчо жана жылуу мамиледе» жолугушкандыгы маалымдалды.

Жолугушууда Макрондун Францияда жашаган мусулмандарга өзүнүн достугун билдиргендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар