Жердин 1 миллиард жылдык кычкылтеги калды

АКШнын Авиация жана Космостук Агенттиги  НАСА күн радиациясынын көбөйүшүнөн улам жердин жашоо булагы болгон кычкылтек 1 миллиард жылда түгөнөт деп божолдоодо.

1597372
Жердин 1 миллиард жылдык кычкылтеги калды

АКШнын Авиация жана Космостук Агенттиги  НАСА күн радиациясынын көбөйүшүнөн улам жердин жашоо булагы болгон кычкылтек 1 миллиард жылда түгөнөт деп божолдоодо.

НАСАнын изилдөөсүндө жердин климаты, биологиялык жана геологиялык тутумдары моделге алынган. Ушуга караганда күндүн ысыгы мезгили менен көбөйөт жана атмосфераны ысытып, ысыган атмосфера көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүнө себеп болот жана ушунун айынан өсүмдүктөр жок болот.

Кычкылтектин булагы өсүмдүктөрдүн жок болушу менен жердеги кычкылтек түгөнүп, жер жашоого жараксыз болуп калат. Бирок, бул кырдаалдын өтө жай жүрүп жаткандыгы, андыктан күнүмдүк жашоого азырынча таасирин тийгизбей турганы белгиленди.

1 миллиард жылдан кийин кычкылтектин көлөмү бүт жандыктар жашай албаган деңгээлге жетери айтылууда.  



Тектеш кабарлар