Афганситанда көчкү жүрдү

Көчкүдө 14 адам каза тапты.

1595728
Афганситанда көчкү жүрдү

Афганистандын түндүк-чыгыш тарабындагы Бадахшан провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен 14 адам каза болду.

Бадахшан губернаторлугунун өкүлү Ник Мухаммед Назари, Бадахшандын Рагистан районунда кар көчкү түшүп, 14 кишинин каза болгондугун айтты.

Кар көчкүнүн кесепетинен 4 кишинин жаракат алганын айткан Назари, көчкү астында башка адамдар болушу мүмкүн экендиги болжолдолуп жаткандыгын жана издөө - куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын белгиледи.

 

                 



Тектеш кабарлар