АКШда бир хирург операция учурунда сот отурумуна катышты

Сот бейтаптын абалынан тынчсыздангандыгын белгилеп, сотту кечеңдетти.

1592776
АКШда бир хирург операция учурунда сот отурумуна катышты

АКШнын Калифорния штатында бир дарыгер операция учурунда видеоконференция платформасы Zoom аркылуу жүргүзүлгөн сотко катышты.

Сакраменто шаарындагы пластикалык хирург Скотт Грин авто жол жазасы тууралуу видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн сотко хирургиялык халат жана маска менен катышты.

БибиСинин кабарына караганда доо процессин жүргүзгөн сот Гари Линк : «Жаңылбасам операция бөлмөсүнүн ортосунда бир бейтапка кызмат кылып жаткан соттолуучуну көрүп турам. Бул туурабы?»,- деп таң калгандыгын билдирди.

Дарыгер Грин операцияда экендигин ырастап, сотко катышуу үчүн ылайыктуу экендигин айтты.  

Сот болсо бейтаптын абалынан тынчсыздангандыгын белгилеп, Гринге  уруксат бербестен сотту кечеңдетти.

АКШда коронавирустан улам сот отурумдары онлайн режимде өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар