Йеменде армия күчтөрү менен хусилердин арасында кагылышуу чыкты

Кагылышууларда кеминде 34 куралдуу хуси менен өкмөт күчтөрүнөн 27 киши каза болду.

1591879
Йеменде армия күчтөрү менен  хусилердин арасында кагылышуу чыкты

Йеменде армия күчтөрү менен Иран колдогон хусилердин ортосунда Мариб шаарынын чыгышындаболгон кагылышууларда 60тан ашуун киши каза болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда өкмөт күчтөрү менен хусилердин арасында Марибде акыркы мезгилде болгон кагылышуулар кечээ да улантылды.

Шаардын түрдүү фронтторундагы кагылышууларда кеминде 34 куралдуу хуси менен өкмөт күчтөрүнөн 27 киши каза болду.



Тектеш кабарлар