Европа Биримдиги Венесуэланын дипломатиялык өкүлүн кааланбаган киши деп жарыялады

Европа Биримдиги Венесуэланын Европа Биримдигиндеги дипломатиялык миссиясынын өкүлү, элчи Клаудия Салерно Кальдераны "кааланбаган киши" деп жарыялады.

1591298
Европа Биримдиги Венесуэланын дипломатиялык өкүлүн кааланбаган киши деп жарыялады

Европа Биримдиги Венесуэланын Европа Биримдигиндеги дипломатиялык миссиясынын өкүлү, элчи Клаудия Салерно Кальдераны "кааланбаган киши" деп жарыялады.

Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясаттар боюнча жогорку өкүлү Жосеф Боррелдин кеңсесинде берилген маалыматта чечимдин Венесуэланын Европа Биримдиги өкүлү үчүн чыгарган ошол эле чечимге жооп экендиги билдирилди. Маалыматта : «Европа биримдиги Венесуэланын чечиминин толугу менен туура эмес жана Европа Биримдигинин үчүнчү өлкөлөр тууралуу карым- катнаштары жана өнөктүштүктөрдү өнүктүрүү максатына тескери экендиги тууралуу баа берилди»,- деп билдирилди.

Европа Биримдиги Кеңеши 23 -февралда «демократия жана адам укуктарына зыян келтирди» деген негиз менен венесуэлалык 19 жооптууга санкция салуу чечимин чыгаргандыгын билдирген.

Венесуэланын тышкы иштер минстри Йорге Арреаза өлкөдөгү Европа Биримдиги өкүлүн кааланбаган киши деп жарыялап, чечимдин Европа Биримдигинин венесуэлалыкжетекчилерге санкция салуусу менен чыгарылгандыгын билдирген.

Мамлекет башчысы Никола Мадуро өкмөтү 2020 -жылы 20 -июнда да өлкөдөгү Европа Биримдиги жетекчисин «кааланбаган киши» деп жарыялаган жана бул чечиминен баш тарткан болчу.



Тектеш кабарлар