Япониядагы өрттүн кесепети

Өрттүн кесепетинен 100 гектардан ашуун токой аянты зыянга учурады.

1591160
Япониядагы өрттүн кесепети

Япониянын борбор шаары Токионун түндүгүндөгү Точиги аймагында чыккан жана 5 күндөн бери өчүрүлө албай жаткан өрт 100 гектар токой аянтын зыянга учуратты.

Точиги провинциясынын губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, Ашикага районунун Нишиномия аймагындагы токой аянтында жекшемби күнү чыккан өрттү өчүрүү аракеттери улантылууда.

Токой аймагына жакын жайгашкан 305 үйгө эвакуация эскертүүсү берилди.

Өрттүн кесепетинен 100 гектардан ашык токой аянты зыянга учурады.

Ашикага шаарынын мэри Сатоши Изуми, кургак жана шамалдуу аба ырайы өрт өчүрүү иштерине терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.

Коомдук NHK телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда, өрттөн жаракат алгандар катталган жок, бирок токойдогу Синто храмынын жыгач конструкциясы зыянга учурады.



Тектеш кабарлар